"Бул жакта көтөрмөлөп коюу деген жок". Түркияда окуган Кыргыз кызы менен маек

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Түркияда окуп жаткан Элиза Миртемирова болмокчу.

Элиза Миртемирова 2004-жылы Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылында төрөлгөн. Учурда Түркиядагы Pamukkale университетинин психология тармагында окуп жаткан кези.

- Учурда билим алуу максатында чет жакта жүрөсүз. Алгачкы билим уяңызды эскерип өтсөңүз...

- Мен айылымдагы эле орто мектепти аяктагам. Окуучулук күндөрүмдү сабактан калбай, коомдук иштерге катышып, активдүү өткөрдүм. Максаттар ошол кезде эле белгилүү боло баштаган. Тактап айтканда, чет өлкөдөн билим алууну кыялданчумун. Андыктан окуучу кезимен баштап эле даярдана баштагам десем болот. Апам дагы мугалим болгондуктан, ар дайым бизге билим алуу керектигин айтып келди. Азыр бардыгы жакшы, бул жакта өз максаттарымды орундатуудамын.

- Түркияга кандай жол менен бардыңыз? Максатыңыз башында эле Түркияда окуу беле?

- Жок. Мен башында башка дагы мамлекеттерди караштыргам. Түркияга окууга өтө электен мурун Германиянын, Италиянын, Тайвандын ЖОЖдоруна тапшырып, өткөм. Бирок үйдөгүлөр каршы болуп коюшкан. Ал эми бул жакка “Türkiye bursları” программасы аркылуу келгем. Бул программа гранттык болуп эсептелет. Бардыгы окуу, жатакана, тамак-аш бекер. Өзүм бул программаны 11-класстын башында тааныштар аркылуу угуп, бирок кызыккан эмесмин. Кийинчерээк дагы айтып калышканынан интернеттен, Ютубдан программа жөнүндө маалымат ала баштадым. Бардыгын талдап, жактыргандан кийин эч кимге айтпай даярданып жүрдүм.

Программага кабыл алуу 2 тур менен өткөн. Биринчи анкета толтуруу болуп, жетишкендиктерибиз жөнүндө маалымат берилген. Мындан тышкары анкетада дем берүүчү кат жазуу дагы бар болчу. Экинчи этап маектешүү, математикалык тест менен жүргөн. Чынын айтсам, мен үчүн ЖРТ тесттен оор болгон. Кызыгы, бул жактын жыйынтыгы чыгып, жообу келгенге чейин Ала-Тоо университетине тапшырып, студенттик билетин колго алып, окууга камданып алган болчумун.

- Учурда Түркиянын кайсы шаарында? Кайсы окуу жайында окуп жатасыз?

- Учурда Түркиянын Деңизли деген шаарындамын. Бул жакта Pamukkale университетинин психология бөлүмүндө 1-курста окуп жаткан чагым. Келгениме негизи 2 жыл болду. Бирок 1 жылым толук түрк тилин өздөштүрүү менен өттү. Азыр бардыгы бир калыпка түшүп калды десем болот. Окуумда чоң кыйынчылыктар деле болгон жок. Бардыгына жетишкенге аракет кылып жатам.

- Боордош өлкөнүн билимге болгон мамилеси кандай экен? Билим берүү системасында айырмачылыктар бар бекен?

- Алгач айырмачылыктарына токтолсом, ооба, бар. Бул жакта кандай окусаң ошого татыктуу баа аласың. Көтөрмөлөп коюу деген түшүнүк жок. Мен Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган жокмун, бирок мектепте бул нерсе бар экенин билем. Университеттерде деле ушундай деп укканым бар. Керек болсо акчага бүтүрүп алсаң болот дешет. Түркияда ким кандай окуса ошого жараша баа коюп берет. 1 балл жетпесең кийинкиге калдың деген сөз. Андыктан жалкоолук деген нерсе жоголот, мугалимден үмүт кылбай, өзүңдөн ишеним күткөнгө үйрөнөсүң. Анан студенттерди алаксыта турчу шаан-шөкөттүү иш-чаралар, концерттер уюштурула бербейт. Билимге гана басым жасалып, майрамдык күн, кызыл күн, каникул дегендер жокко эсе. Дагы бир өзгөчөлүгү университетте 10-11-класстын базасын кайталап окутуу деген жок. Башталышын эле тандаган кесибиңди окутуудан баштайт.

Билимге жасалган мамилени айтсам, мыкты. Бардык шарттар түзүлгөн. Бир эле мисал-бул жакта китепканалар абдан көп. Бирок ошол көптүгүнө, чоңдугуна карабай бош орун табылбайт. Ушундан эле билимге болгон мамилени билсе болот.

- Окуудан тышкары дагы эмне менен алексиз?

- Учурда Кыргызстандагы 2 долбоор менен иштешип жатам, белгилүү психологдун жана Түркияга окууга өткөрүү компаниясынын СММ адиси, копирайтери болуп.

- Маекте Деңизли шаарындамын деп калдыңыз. Шаар жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Деңизли шаары аймагынын чоңдугу, калкынын саны боюнча Бишкек менен бирдей десем болот. Бирок башка жагынан бир топ айырмачылыктар бар. Мен эң биринчи тазалыгын айтат элем. Чынында, шаар тазалыгы менен айырмаланып турат. Бишкектен дагы бир өзгөчөлүгү - коомдук транспортторунда. Бул жакта кичи автобустар, эскилиги жеткен транспорттор жокко эсе. Ал эми шаардын жашоочулары маекке ачык келишет. Бири-бирине сыйлоо менен мамиле кылышат.

- Окууну бүткөндөн кийинки пландарыңыз кандай? Түркияда калуу оюңуз барбы?

- Түркияда калуу оюм жок, буюрса, өз өлкөмө барам. Бирок Кыргызстанга барганга чейин магистратураны Америка же Европа өлкөлөрүнүн биринде окуу планым бар. Билимимди жогорулатып, өз ишин мыкты билген, адамдарга пайдасы тийген психолог болууну максат кылам. Негизи адам баласы чоң максаттарды коюудан коркпош керек. Ошол эле мүмкүнчүлүгүм жок деген айылдагы жаштар аракет кылса билим алуу жолдору сөзсүз ачылат.

- Кыргыздын сиздей билим алууга умтулган жаштары көп болсун. Окууларыңызга жана ишиңизге ийгилик.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан