Дастан Разак уулу Алайдын кулуну болот. 2016-жылы билимин өркүндөтүү үчүн Түркияга көчүп барган. Учурда илимий ишине байланыштуу Түркиянын Стамбул шаарында жашайт. Андан сырткары мекендешибиз "Курулуш: Осман" аттуу тарыхый сериалына атактуу түрк актёрлор менен чогуу тартылууда.
- Дастан, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу маалымат сурайлы. Кандайча Түркияга барып окуп калдыңыз?
- Саламатчылык. Менин аты-жөнүм Дастан Разак уулу. Ош облусундагы Алай районунун Кабылан-Көл айылында туулгам. Жашым 28де. 2016-жылы Түркия стипендиялары аттуу программага тапшырып, Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Ейлүл университетине тарых боюнча докторантурага өткөм. Жалпысынан 3 жылдай Измир шаарында жашадым. Измир Түркиянын 3-чоң шаары, 5 миллиондой калк жашайт. Деңиздин жээгинде жайгашкандыктан кар жаабаган, кышында жылуу, жайында ысык шаар. Ал жакта 2018-жылы 23 жылдан бери Измирде жашап келген Анара аттуу кыргыз эженин башчылыгында "Измир Кыргыздар" коому ачылган. Бул коом Измирдеги кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип, жарандарыбыздын башын бириктирип, улуттук майрамдарда чогулуп, иш-чараларды уюштуруп турат. Мен да бул коомдогу иштерге активдүү катышып калдым. Ошол менен бирге университетибиздеги жана жалпы Түркиядагы иш-чараларга, илимий конференция, форумдарга да катышып, айрым учурда жазган макалаларымды чыгарып жүрдүм.
Мен тарых боюнча илим жактап жүргөндүктөн, Түркиянын көп аймагына, тарыхый шаарларына барып кыдырып көрдүм. 3 жылдай Измир шаарында окуп, илимий ишиме байланыштуу Стамбул шаарына көчүп келгем. Стамбул шаары дүйнөдөгү чоң шаарлардан болгондуктан, илим тармагында да изилдөөгө көп мүмкүнчүлүктөр бар.
- Жакшы экен. Сизди түркиялык тарыхый сериалга тартылып жатат деп уктук. Түрк киноиндустриясына аралашып кетүү оңой болбосо керек?
- 2019-жылы Стамбул шаарында жыл сайын өтүүчү этноспорттук оюндарда вандык кыргыз боордошубуз Ахмет Айтач менен таанышып калдым. Ал дүйнөгө белгилүү болгон "Кайра жаралуу: Эртугрул" тарыхый сериалында монгол аскеринин ролун ойногон. Сериалдагы боз үйлөрдүн айрымдарын, ичиндеги жасалгаларын, аскердик жана калктын кийимдерин вандык кыргыздар тигип беришкен экен. Ошентип Ахмет Айтач тасма жаратуучулар менен тыгыз байланышта болуп калган.
Учурда "Кайра жаралуу: Эртугрул" сериалын тарткан студия "Курулуш: Османды" тартып жатышат. Ахмет Айтач аркылуу мен да бул тасмада роль ойноп калдым. Тарыхый жактан алып караганда Осмон (Осман) Эртугрулдун баласы. Сериалда биз монгол аскерлеринин ролун аткаруудабыз. Менден башка 10дой кыргыз да тасмада роль жаратып жатат. Алар катардагы аскер болгондуктан, жүзү көбүнчө жабылып, айрым учурда гана ачылат. А мен кол башчынын (түрктөр комутан деп коёт) ролун аткаргандыктан бетим ачык болуп, айрым учурда сөз да сүйлөйм. Менден башка дагы бир кыргыз бала командирдин ролун аткарууда. Ахмет Айтач орто азиялыктарга жакшы жардам берүүдө. Жакында дагы бир тарыхый сериал тартылат. Ага да буюрса катышабыз деп турабыз.
- Сериалда баш каармандын ролун түркиялык белгилүү актёр Бурак Өзчивит аткарып жатыптыр. Аны менен кез келип, баарлашканга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Сериалда Түркияда жана дүйнөдө атагы чыккан актёрлор тартылууда. Алардын бири - башкы каарман Осмондун ролун Бурак Өзчивит аткарып жатат. Мен сериалдын 3 сериясына тартылдым. Ошол учурларда атактуу актёрлор, анын ичинде Бурак Өзчивит менен кошо роль жараттык. Бурак Өзчивиттин жанында дайыма бирөө жүрөт, жардамчысы окшойт. Негизинен ал өзүнүн ролу бар учурда гана келет. Тартылуу учурунда аралашып жүрөбүз, кошо аткарабыз дегендей. Бирок жекече сүйлөшкөн жокпуз, өзүн алып жүргөнүнө караганда жөнөкөй адамдай эле көрүнөт. Алдыда сериалдын дагы бир канча сериясына тартылабыз, балким, ошондо сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болуп калар. Мен мурун Бурак Өзчивиттин кинолорун көрбөгөндүктөн, ал жөнүндө анча маалыматым жок экен. Анын канчалык атактуу экенин киного тартылгандан кийин билдим. Бурактан башка бир нече тасмада роль жараткан актёрлор Нуреттин Сөнмез, Сарухан Хүнел, Исмаил Хаккы Үрүн, Эмре Басалак, Юрдаэр Окур, Чагры Шенсой, Эрен Вурдем, Бурак Челик менен сүйлөшүп жатабыз. Аларга Кыргыз өлкөсүнөн экенибизди айтсак, жакшы кабыл алып, сүйүнүшөт.
- Түрктөрдө гонорар жагы да кымбат болсо керек. Ал жагын ачыктай аласызбы?
- Биз тартылганыбыз үчүн акы алабыз. Бирок ал сыр бойдон калсын. Башкы оюнчу эмеспиз да, көп деле акча албайбыз.
- Маегиңизге рахмат! Мындан ары да ийгиликтерди багынта бериңиз!