20 метр бийиктиктен сууга секирген абдан эр жүрөк пингвиндер тууралуу кызыктуу видео.
National Geographic операторлорунун айтымында, бул өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш жана бул биринчи жолу видеого тартылып жатат. Батыш Антарктидадагы жүздөгөн пингвиндер биринчилери секире баштаганга чейин муздуу жардын четинде топтолуп турушту. Калгандары адегенде алардын секиргенин көрүп, артынан секире башташкан.