Кара-Суу районунун аймагында азыркы күндө 143 волейбол, 139 баскетбол, 46 спорт зал, 139 футбол аянтчасы, 1 ипподром, 4 бассейн, ошондой эле Кара-Суу шаарына караштуу борбордук “Манас” стадиону бар. Райондо 372 миңден ашык калк жашайт. Анын 265 миңден ашыгын жаштар түзөт. Мындан сырткары, 72900 адам спорт менен машыгышат. Бул тууралуу кечээ, 18-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн чыгарган жыл жыйынтыгында белгилүү болду.