Москвада курулушта иштеген мигранттар арматура талашып массалык түрдө мушташты (видео)

Москва шаарында курулушта иштеп жүргөн өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар массалык түрдө мушташышты. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, мушташ кечээ, 14-апрелде, Москвадагы "Метроном" турак жай комплексинин курулуп жаткан жеринде болгон. Анда арматура талаша кеткен эки бригада мигранттар массалык түрдө мушташышкан. Алар биринчи муштуму менен мушташып, андан кийин бири-бирине таш ыргытууга өтүшкөн.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери чакырылган. Жыйынтыгында полиция бөлүмүн 20дай адам жеткирилген.

Эч ким оор жаракат алган эмес жана медициналык жардам талап кылынган эмес.

Учурда полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Москвада мигранттар мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан