Оштогу "Достук" чек ара бекетинин айланасы иретке келтирилери айтылды

Бүгүн, 15-апрелде, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Кызыл-Кыштак" айылдык аймактык башкармалыгындагы "Достук" чек ара бекетинин айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

"Шаар башчысы чек арадагы абалды көрүп чыккан соң, тиешелүү кызматтарга "Достук" бекети аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле коомдук транспорттор үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айланасын тазалоо, соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн бирдей абалга келтирүү боюнча тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары берилген жумуштарды бир жумалык мөөнөттө бүткөрүү милдеттендирилгени кошумчаланды.

Эске салсак, "Кызыл-Кыштак" айылдык аймактык башкармалыгы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан