Сиднейде сыйынып жаткан чиркөө кызматкерин 15 жашар өспүрүм бычактады (видео)

Автралиянын Сидней шаарында өспүрүм жигит чиркөөдөгү сыйынуу учурунда дин кызматкерине кол салды. Бул тууралуу Sydney Morning Herald басылмасына таянып CentralAsia жазды.

Маалыматтарга караганда, окуяда бир нече адам жеңил жаракаттарды алышкан. Ал эми өспүрүм колго түшүрүлгөн.

Сыйынуу социалдык тармактарда түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жаткандыктан окуя видеого түшүп калган. Кадрдан дин кызматчысына бир жигит чуркап келип, аны бычак менен бир нече жолу урганын көрүүгө болот.

Кийинчерээк маалымат каражаттары кол салган жигит 15 жашта экенин жазып чыгышкан. Окуя террордук акт катары бааланууда.

16.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан