Нурлан Мотуев редакциябызга келип, ага тагылып жаткан зордуктоо фактысы боюнча оюн айтты жана 18 жаштагы Айзат аттуу кызды "сүйлөшкөн кызым" деп тааныштырды

Бүгүн редакциябызга зордуктоо фактысы боюнча айыпталып жаткан Нурлан Мотуев келип, эксклюзивдүү маек куруп берди. Нурлан мырза өзү жалгыз эмес, 18 жаштагы Айзат аттуу кызды ээрчитип келди. Айтымында, бул кыз экөө учурда сүйлөшүп жүрөт, жакында үйлөнүүнү да пландап жатат. "Мени сүйгөн кыздар толтура, алар үйгө чейин барышат. Бирок алардын бирөөнө да тийип абийирин булгаган эмесмин. Алардын бири менин жанымда отурган Айзат",- деди. Ал эми Айзат болсо Нурлан мырзаны сүйө турганын айтып берди.

Эске салсак, Нурлан Мотуев 5-декабрда 21 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен Бишкек шаардык ИИББи тарабынан кармалып, камакка алынган. 6-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту ишти карап чыгып, аны үй камагына чыгаруу тууралуу токтом чыгарган. Нурлан мырза: "Бул окуя мага карата жасалган бийликтин кысымы. Ооба, ал кыз менин үйүмө барган, бирок аны зордуктаган эмесмин. Үйдө отурганда "курбум чакырып жатат" дегенинен эшикти өзүм ачып берип узатып койгом. Анан ал кетери менен кандайча милиция кызматкерлери пайда болуп калат? Бул атайын пландалган. Ал кыз "мен качып чыктым" деп жатат. Эки кабат, автоматтын огу өтпөй турган темир эшик кулпулануу турса, кантип качып чыга алмак эле?"  "Өзүн Алия деп тааныштырган ал кыздын шермендесин чыгарам. Анткени баары жалган. Ал кыз экөөбүз кафеден таанышып калганбыз, өзү келип "сизди кумир тутам" деп номерин салфеткага жазып берген. 5-декабрь күнү көчөдөн жолуктук. Келинчегим менен таарынышып жүргөн учур болчу. Анан үшүп калыптыр, "кафеге барып отуралы" десем, "жок, ал жактан элдин баары бизди карай берет экен, сиздин үйүңүзгө эле баралы" деп калды. Макул болуп үйгө барган болчубуз",- деп кошумчалады Мотуев. 

Н.Мотуев 18 жаштагы Айзатты "сүйлөшкөн кызым" деп тааныштырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан