Тажикстандын түркиялыктарга киргизген виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматтарга караганда, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мындай чечим өз ара иштешүү принциби боюнча кабыл алынганын билдирген.
"Түркиянын жарандары мындан ары Тажикстанга сапар алардан мурун элчиликтен же консулдуктан виза алууга тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген.