Казакстанда толготуп жаткан кош бойлуу келин төрөт үйүндө асынып алды

Коңшу Казакстандын Тараз шаарында толгоо тартып жаткан 33 жаштагы аял облустук перинаталдык борбордун дааратканасында асынып алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, маркумдун 24 жумалык боюнда болгон. Бейтап толгоо менен кабыл алынып, көзөмөлгө алынган. Дарыгерлер анын психологиялык абалы туруктуу болгонун айтышат.

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.

"Сөөк саат 20:54тө дааратканадан табылган. Окуя болгон жерге полиция жана тергөөчүлөр тартылышкан, окуянын себебин тергөө аныктайт", - деген облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Толкын Өмүрбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан