"Тарыхта биринчи жолу көрүп жатам". Масалиев кесиптеши Мадумаровдун сотундагы прокурордун өтүнүчүн сындады

Бүгүн, 17-апрелдеги парламенттин жыйынында депутат Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун сотундагы прокурордун келтирген өтүнүчүн сынга алды.

Эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, соттук отурумдагы айыптоочунун сунушу боюнча маалыматын сурады.

"Жакында кесиптешибиз Адахан Мадумаровдун кылмыш иши сотто каралып, өкүм чыкты. Мен тарыхта биринчи жолу көрүп жатам. Сиздин кесиптешиңиз, айыптоочу прокурордун кызматкери соттон бөгөт чарасы өкүм күчүнө кирмейинче сакталуусун суранды. Сот макул болду. Бирок кылмыш-процессуалдык кодексинин 359-беренесинде мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу чара колдонулбаса ошол замат эркиндикке чыгат деп так жазылган. Соттун чечимин биз карай албайбыз. Бирок прокурордун сунушун сиз карай аласызбы?" - деди Масалиев.

Башкы прокурор сотко катышкан ар бир айыптоочунун сүйлөгөн сөздөрү, келтирген сунуштары катталып турарын айтып, бирок Мадумаровду камакта калтыруу сунушу боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралып, соттун чечими чыккан. Чечимге ылайык, Мадумаров күнөөлүү деп табылып, Кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Жогорку Кеңеш 17.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан