6 жыл мурда өлгөн делген немис миллиардери Москвада сүйүктүүсү менен табылды

Алты жыл мурун Альпы тоолорунда табышмактуу жагдайда жоголуп кеткен немис-америкалык миллиардер Карл-Эриван Хауб 44 жаштагы сүйүктүүсү менен Москвада тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Хауб 2018-жылдын апрелинде лыжа базасына лыжа жарышына даярдануу үчүн барып, дайынсыз жоголгон. Аны акыркы жолу эртең менен асма жолдо жалгыз тоого чыгып баратканын көрүшкөн, андан кийин мейманканасына кайтып келген эмес. Алты күндүк издөөдөн жыйынтык чыкпай, сөөк табылган эмес. Үч жылдан кийин ал өлдү деп жарыяланган.

Кийинчерээк немис журналисттери иликтөө жүргүзүп, миллиардер Москвада жаш сүйүктүүсү менен жашаганын аныкташкан. Ал жоголоруна үч күн калганда аталган сүйүктүүсүнө 13 жолу телефон чалганы белгилүү болгон. Сүйлөшүүлөр узак убакыт болгон.

Тергөөдө 44 жаштагы орусиялык аял ошол кезде Санкт-Петербургда лыжа, тоо жана альпинизм агенттигинин жетекчиси болгондугу аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан