Мамлекеттик салык кызматы ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөбөгөн 271 чет элдин жаранын аныктады. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 889 чет элдик жаран ишердик жүргүзүү үчүн уруксат кагазын алышкан.
Салык кызматы чет элдик ишкерлерден салык түшүүнү камсыздоо боюнча базарларда соода кылуу үчүн ыктыярдуу патент алгандарды текшерген.
"Ишкердик кылуусуна тыюу салуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча аталган жарандардын тизмеси Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Ички иштер министрлигине берилген",- деп билдирди Салык кызматы бул тууралуу.