Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары А.Сасыкбаева эл аралык эксперт жана саясат таануучу Ф.Лукьянов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн Орусия глобалдык саясатта орусиялык журналдын башкы редактору, Орусиянын Тышкы жана коргоо саясаты боюнча кеңешинин президиумунун төрагасы, эл аралык эксперт жана саясат таануучу Федор Лукьянов менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев катышты. 
Жолугушууда А.Сасыкбаева Кыргызстандагы коомдук саясий кырдаал боюнча учкай кеп кылып, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Баарлашуунун жүрүшүндө Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы К.Иманалиев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташуу динамикалуу жүрүп жаткандыгына токтолду. Ошондой эле алар Орусиядагы эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери жана өлкөнүн коомдук саясый турмушундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду жөнүндө пикир алышты. Тараптар эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды, анын ичинде билим берүү жана маданият жаатын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан