Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 18-декабрь өлкө гербинин кабыл алынган күнүнүн 20 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган иш-чарага гербдин автору Садырбек Дубанаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Айкөкүл Мырзакаримова, эмгек ардагерлери Абдибаит Тажибаев, Мухтар Нургазиев жана бир катар тарыхчылар, студенттер катышышты. Конференциянын максаты - мамлекеттик атрибуттар жөнүндө жаштарга түшүнүк берүү жана жаштарды мекенчилдикке үндөө. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.