Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбургга 350 тонна гумжардам жөнөттү

Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстан Орусиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган 20 фура гумжардам жөнөтүлдү.

"Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды. Ага тамак-аш топтомуна - ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире , таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер кирет.

Ал эми турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна - суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр жөнөтүлдү.

Ошондой эле кийим-кече топтомуна - чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобельё), курулушка ылайыкталган желим өтүк кирет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан