Кыргызстандан Казакстанга 2 тонна тоок этин дарыя аркылуу өткөрүп бара жаткан контрабандачылар кармалды

Бүгүн, 20-декабрда Казакстандын 4 жараны кайык менен дарыя аркылуу 2 тонна тоок этин Кыргызстандан Казакстанга алып өтүп бараткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы маалымдады. 
Маалыматка ылайык, Мицубиси Делика жана Мицубиси Пажеро авто унааларын чек арада турган жеринен кармашкан. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында алар кайык менен дарыядан агып келе жаткан 2 тонна контрабандалык тоок этин  күтүп жатышкандыгы белгилүү болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан