Бишкекте
бүгүн, 20-декабрдагы тегерек столдо бюджет аралык мамилелер боюнча эксперт
Асылбек Чекиров
“2014-жылы республикалык бюджет сырткы жардамдан көз каранды”
деп билдирди.
Анын айтымында, келерки жылы мамлекет сырткы карыздардын 90
пайызын, 17 миллиард сомду сырткы жардамдын эсебинен аларын айтты.
“Муну көп же
аз деп айтуу кыйын. Бирок биз каржы жагынан сырткы колдоого муктажбыз. Ал эми
мамлекеттин жеке кирешеси 70 миллиард сомду түзүүсү күтүлүүдө”,- деди Чекиров.
Мындан сырткары жардам катары берилген инвестициялар кайрымдуулук эмес экенин
эске алуу керектигин кошумчалады. Ошондой эле каражат алуу үчүн өкмөт бир катар шарттарды
аткарышы зарыл экендигин белгилеп өттү.