20-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу
энергетиктер! Ардактуу ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар –
Энергетиктер күнү менен куттуктайм!
Энергетика - экономикабыздын негизги
тармагы. Кыргыз
энергетикасынын гүлдөп-өнүгүүсү Совет дооруна туш келди. Ошол кезде чоң мамлекеттин
миңдеген жарандары Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна катышкан.
Алардын эмгегинин натыйжасында өткөн
кылымдын 60- 80-жылдарында Кыргызстанда электр энергияны иштеп чыгаруу 14 миллиард кВТ саатка жеткен, бул өлкөбүздүн
жалпы гидроэнергетикалык потенциалынын 10 пайызын түзөт. Кыргыз энергетикасынын тарыхы - миңдеген мекендештерибиздин тагдырынын бир бөлүгү. Ошол
муундагы гидрокуруучулардын,
энергетиктердин каарман эмгеги үчүн терең
ыраазычылык билдиргим келет.
Бүгүнкү күндө ошол күжүрмөн адамдардын балдары, неберелери эгемендүү
Кыргызстан чыныгы энергетикалык көз карандысыздыкка жетишсин деп талыкпай
эмгектенип жатышат.
Өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген, элибизди электр менен үзгүлтүксүз
камсыз кылууга шарт түзгөн ички энергетикалык алкакча курулуп жатат.
Жогорку-Нарын каскадынын курулушу башталды. Токтогул ГЭСинин ишин дагы 30-40
жылга узарта турган “Токтогул ГЭСинин реабилитациясы” долбоору ишке ашырылууда.
Кийинки жылдан тартып Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо иши башталат.
Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана ишке киргизүү, жаратылыш газ менен элибизди үзгүлтүксүз
камсыздоо үчүн Орусия менен тиешелүү
келишимдерге жетиштик.
Келечектеги муундар эмгегибизди терең ыраазычылык менен баалайт деп ишенем!
Биргелешип максатыбызга жетебиз - эркин, эгемендүү, гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды
курабыз!Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңерге ийгилик, бакыт-таалай жана бакубат
жашоо каалайм!" деп жазылат өлкө башчынын куттуктоо катында.