Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынында
вице-премьер-министр Камила Талиева
“Кыргызстанда 485 ВИЧ илдетине чалдыккан
бала катталды” деп билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча көрсөткүчтөрдүн көптүгү өкүнүчтүү деңгээлде турат.
“Оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү керек. Каражаттарды да эффективдүү пайдалануу менен көрсөткүчтөрдү
жакшы жакка бура алабыз”,- деди Талиева.
Ал саламаттыкты сактоо министри Ош облусу
боюнча СПИДге каршы күрөшүү борборунун жумушун канааттандырарлык
эмес деп тапты. Өлкө боюнча 14 баланын кантип ВИЧти жугузганы белгисиз экени
айтылды. Алардын 12си Ош облусунда.
Аталган облустагы борбордун өкүлдөрү балдар
ВИЧти энелеринен жугузганын жана алар Орусиядан төрөлгөндүгүн айтышты. Ошондой эле
энелерин текшерүү үчүн тиешелүү каттар жөнөтүлгөнүн билдиришти.