Баткендеги Исфара-Ворух унаа жолу бир нече мүнөттөн кийин ачылат. Бул туурасында Ак-Сай айылынын тургуну билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 20-декабрда КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов жана бир катар бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушкан. Анда Токон Мамытов техникалар келип, жол салуу иштери башталганын айткан. Мындан кийин гана айыл жашоочулары жолду ачууга макул болушкан.