Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков студенттер менен жолугушту

Кечээ, 19-декабрда ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттеги жаштар комитети, акыйкатчы аппараты, студенттик активдер жана журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандын ички биримдиги, улуттар аралык ынтымак, коомубуздагы стабилдүүлүк, өлкөбүздөгү диний кырдаал, жаштар көйгөйлөрү боюнча ой бөлүштү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар ректорго коомдогу көйгөйлөр, өздөрүн тынчсыздандырган жагдайлар боюнча түрдүү суроолорду берип, ынанымдуу жоопторду алышты. Ректордун кийинки жолугушуусу ата-энелер менен болмокчу. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан