Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияз гимназия-мектебинде "Милициянын күчү - элдин колдоосунда" деген темада облустук деңгээлдеги семинар болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага облустук милиция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Көтөрмө айыл аймагынын башчысы, мектеп директорлору, айыл аксакалдары, мечиттин имамдары, окуучулар катышышкан.
Семинарда бүгүнкү күндө жаштар арасында, айрыкча окуучулардын өзүн-өзү өлтүрүү, рэкетчилик жана башка коомго жат көрүнүштөр, алардын алдын алуу тууралуу маселелер талкууга алынды.