Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. Жарыяланган айлыктын алкагында шаарда илимий конференциялар, сүрөт көргөзмөлөр, окуучулар арасында дилбаян жазуу боюнча сынактар өткөрүлгөн. Иш-чарага активдүү катышкан билим берүү мекемелери, медицина мекемелери жана балдар үйлөрү активдүү катышкандагы үчүн шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев тарабынан баалуу белектер менен сыйланды. Жалпысынан 59 катышуучу бүгүн, 20-декабрда вице-мэрдин колунан сыйлыктарды алды.