Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.