Борбор калаа 146 жашта. Туулган күнүң менен, Бишкек!

Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим, сен.

Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Быйыл башкы калаага 146 жыл толду.

Бишкек шаары Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, транспорттук башкы түйүн. Аянты 169,9 миң гектар. Калкынын саны быйылкы жылга карата 1 миллион 270 миң 910 адамды түздү. Анын 66 пайыздан ашыгы кыргыздар болсо, 23 пайызы орустар жана 1,6 пайызы уйгурлар. Мындан тышкары шаарда татар, корей, өзбек, казак, украин, дунган жана башка улуттар жашайт.

Шаардын алгачкы күнү 1864-жылы белгиленген. Айрым маалыматтарга караганда, Бишкек шаары Саруу уруусунан чыккан Эркөбөк уулу Бута (Бишкек) баатырдын ысымын алып жүрөт.

Бишкек шаарынын 4 администрациялык-аймактык бөлүнүшү:

  • Биринчи Май району;
  • Ленин району;
  • Октябрь району;
  • Свердлов району.

Чоң-Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы бар.

Тарыхы

VII кылымдан баштап Бишкек калаасы Жүл шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылы Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаа эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошо курулган.

1926-жылы кеңештик (советтик) аскер башчы Михаил Фрунзенин аты коюлуп, Фрунзеге өзгөртүлгөн.

1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаар аты кайрадан Бишкекке өзгөртүлгөн.

Илим жана билим берүү Улуттук илимдер академиясы жана көп сандаган орто жана жогорку окуу жайлар тарабынан жүргүзүлөт. Шаарда 18 университет, 20 институт, 9 академия бар.

Бишкек – Кыргыз өлкөсүнүн улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, филармония, китепканалар, музейлер, мечиттер жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун болуп турат.

Бишкек Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат. Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейил бактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.

Табигый шарты

Бишкек шаары Чүй өрөөнүнүн борборунда, Кыргыз Ала-Тоо кыркаларынын этегинде, деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарты боюнча мелүүн.

Мында күндүн эң узактыгы июлда - 322 саат, ал эми эң азы - декабрда - 126 саатты түзөт. Бишкектин климаты кескин континенттик, жылдык орточо температурасы +10,2 градус болуп, эң суук январь, эң жылуусу июль айы эсептелет.

Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламүдүн суулары жана Чоң Чүй каналы (ЧЧК) агып өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан