Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 68 жылдан бери каралбай келген ири канал ишке берилди  

Ак-Сууда 68 жылдан бери каралбай келген ири канал ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1956-жылы курулган суу каналын капиталдык оңдоо иштери аяктады. Аталган ирригациялык курулма 68 жыл бою жеткиликтүү деңгээлде каралбай келген.

Райондор аралык болгон бул канал эки райондун ирригациялык системасында негизги роль ойнойт. Ал Ак-Суу районунда 9 миң гектардан ашык, Түп районунда 5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат.

"Оңдоо иштерине инфраструктуранын эскирген элементтерин алмаштыруу, жээк тилкелерин бекемдөө жана каналдын бүтүндүгүн калыбына келтирүү камтылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аткарылган иштер каналдын өндүрүмдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга багытталган, бул суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга жана аймактагы айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан