Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 29-30-апрелде бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00гө чейин кабыл алышат.
Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.