Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды  

Бишкекте гараж кооперативдеринин биринде мыйзамдарда өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган мефедрон баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, анда 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилген. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-ПВП дарысы болсо, калган заттар мефедрон синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 килограмм мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны калк арасында сатканда наркы 500 миң долларды түзмөк.

"Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК баңгизаттарды колдонууга жол берилбестигин, аларды өндүрүп тараткандар мыйзам тарабынан катуу жазаланарын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан