Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бардык аймактардагы лотокторду тазалоо, жол четин тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу менен жол жээгине ыргытылган таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде аталган министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, социалдык тармакта тарап жаткан видео тасмада көрсөтүлгөн Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусу учурда №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланып, таштанды челектер орнотулуп жатат.
"Мындан улам айдоочу жана жүргүнчүлөрдү өйдө-төмөн өткөндө жол жээгине таштанды ыргытпоого чакырабыз", - деп чакыруу жасады министрликтен.