1-класска электрондук каттоо: Өлкөдөгү облустар боюнча бош орундардын тизмеси

Кыргызстанда 59 миң 80 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоонун биринчи этабы 8-апрелде башталган болчу.
Аймактар боюнча катталган балдардын саны:
  • Ысык- Көл облусу 5547 (жалпы квота – 13 миң 821)
  • Жалал-Абад облусу 11443 (жалпы квота – 34 миң 778)
  • Нарын облусу 3709 (жалпы квота – 7 миң 741)
  • Баткен облусу 6979 (жалпы квота – 16 миң 190)
  • Ош облусу 11550 (жалпы квота – 35 миң 785)
  • Талас облусу 3257 (жалпы квота – 6 миң 957)
  • Чүй облусу 8839 (жалпы квота – 31 миң 474)
  • Бишкек шаары 5957 (жалпы квота – 17 миң 908)
  • Ош шаары 1799 (жалпы квота – 11 миң 233)
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
  • №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
  • №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  • №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  • Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
  • №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

Белгилей кетсек, ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат. Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Министрлик электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан