Биринчи класска электрондук каттоо боюнча чалуу борбору майрам күндөрү (1-майдан 5-майга чейин) иштебейт. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Белгилей кетсек, электрондук каттоо боюнча 110 чалуу борбору 8-апрелинен баштап иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштей баштаган.
Эске салсак, ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде
mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат. Электрондук каттоо эки этапта
жүргүзүлөт.