Нарында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды

Бүгүн, 29-апрелде Нарын облусунда милиция кызматкерлерине, облустук имамдарга жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар өткөрүлө баштады.

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, семинарда милиция кызматкерлерине экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө азыркы мыйзамдардын абалы, салттуу ислам баалуулуктары, экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологиясы, бул багыттагы мамлекеттик программалардын аткарылышы, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттары, коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуунун жолдору айтылды.

Иш-чарада катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилет, ошондой эле ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер таратылат.

Бул иш-чараны Кыргызстандын бардык регионунда өткөрүү мерчемделип жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан