Бообек Ажикеев Баткендеги сел жүргөн аймактарды кыдырууда

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткенге иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, министр алгач Раззаков шаарындагы Жаңы конуш, Алтын-Бешик жана Чыгыш көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, 22-апрелдеги селден жабыркаган турак үйлөрдү көрүп чыкты.

Ага ылайык, тиешелүү кызматтардын башчылары менен биргеликте үйлөргө келген селдин кесепеттерин аныктап, сел жүрүүчү тилкелерге курулуп калган үйлөрдү бузуу, сел каналдарын ачуу иштери менен жеринде таанышты.

"Министр алдыда облус аймагында ӨКМ тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылып жаткан жумуштар менен, Ак-Суу айылындагы каналдын жана Самат айылындагы жөө өтүүчү көпүрө менен, ошондой эле Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын взводу менен таанышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан