3 миңге жакын жөө күлүк катышат. Чолпон-Атада эл аралык марафон өтөт

Чолпон-Ата шаарында 4-майда “Run the Silk Road 2024” эл аралык ШКУ марафону өтөт. Бул жөнүндө Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, марафонго болжол менен 3000ге жакын жөө күлүк катышат.
Катышуучулар төмөнкү аралыкта чуркашат:
марафон (42,195 чакырым),
жарым марафон (21,097 чакырым),
10 чакырым (чуркоо жана скандинавиялык басуу) аралыктан старт алышат,
3 чакырым балдар жарышы.
Аталган иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 11 миллион сом бөлүнгөн. Катышууга арыздар 30-апрелге чейин кабыл алынат, майыптыгы бар катышуучулар акысыз катышат.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Беларусь, АКШ, Канада, Чехия, Кытай, Корея Республикасы, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн 2500 катышуучу катталды", - деп белгиледи Эл аралык марафон дирекциясынын аткаруучу директору Айгерим Валишева.
42,2 чакырым жана 21,1 чакырым аралыктарындагы абсолюттук зачёттогу жеңүүчүлөр үчүн байге фонду 1 миллион 534 миң сомду түзөт.
«Учурда марафондун коло белгиси бар, бирок мамлекет жана уюштуруучулар иш-чаранын күмүш, андан кийин алтын белгиси менен сыйланышы үчүн бардык күч-аракетин жумшашат. Марафондун катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттик бюджеттен каржылоонун негизги бөлүгү дал ушул максаттарга жумшалат», - деди департамент директорунун орун басары Самат Токтоналиев.
Эскерте кетсек, марафон - спортчулар үчүн Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн кошумча упай чогултуу мүмкүнчүлүгү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан