Бишкекте айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду

Бүгүн, 26-апрелде саат 16:00дөн тартып №5 жана №7 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаардык троллейбус башкармалыгынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, каттамдардын убактылуу токтотулушуна 7-Апрель көчөсүндөгү Чүй проспектисинен Горький көчөсүнө чейинки авариялык оңдоо иштери себеп болгон.
Белгилей кетсек, троллейбус каттамдары иштер аяктагандан кийин улантылат.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан