Ошто муниципалдык аймакта сел суулары каптоо коркунучу бар тилкелери аныкталды

Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясы Ош шаарынын Алымбек датка муниципалдык аймагында сел суулары каптоо коркунучу бар кооптуу 2 тилке аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, Алымбек датка МАБынын Туран кичи шаарчасындагы Бакыт көчөсүнүн күн чыгышындагы сел топтолуучу тосмону тазалап, бир нукка түшүрүү жумуштарын жүргүүзү зарыл.

Ага ылайык, 21-апрелден тарта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен дамбанын күн батышындагы үйлөргө сел кирүү коркунучун жаратып, ички унаа жолдоруна, ирригациялык арыктары сел калдыгына толгон. Учурда атайын техникалардын жардамы менен тазалоо жумуштары жүрүүдө.

"Ал эми Молодёжная көчөсүндөгү сел суулары өтүүчү каналды атайын техникалар менен тазалоо жумуштарын жүргүзүп, калыбына келтирүү иш-чаралары башталды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан