Өзгөн районунда сел калдыгы каптаган жол тазаланды. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, 25-апрелде Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсети айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Бүгүн, 29-апрель күнү катталган селдин кесепеттерин жоюуга №5 Жол тейлөө ишканасынан грейдер тартылып, 7 чакырым ички чарбалык унаа жол тазаланды.