Кантты ашыкча колдонуу кайсы ооруларга алып келет? Эндокринологдун жообу

Кантты ашыкча колдонуу ашыкча салмак, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу эндокринолог Айсулуу Стамкулова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, азыркы учурда суткасына 50 граммдан ашык кант колдонууга болбойт.

"Анткени акыркы учурда замандын талабы, урбанизациянын өнүгүшү менен жарандарда кант оорулары күчөп баратат. Ошол эле кант диабети, жүрөк кан тамыр оорулары, ашыкча салмак. Буга байланыштуу кантка кадимки чектөөлөр болуп турат.

Азыркы кезде суткасына кантты колдонуу 50 граммдан ашпашы керек. Мындайча айтканда, бул 10-12 даана рафинад канты болушу мүмкүн же 10-12 кичинекей чай кашык кант", - дейт Стамкулова.

Эндокринолог кантты ашыкча колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизерин айтып, анын кесепети өнөкөт ооруларга алып келүү мүмкүндүгүн эскертти.

"Албетте, медицинада болобу же жашоодо болобу бардык нерсенин көлөмү, өлчөмү болушу керек. Канттын азайып же көбөйүп кетиши биздин организмибизге өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Учурда биздин органимзм кантты ашыкча көлөмдө алып жатат. Күнүмдүк рационубузда кантты ашыкча колдонуу эң биринчиден ашыкча салмакка алып келет. Экинчиден жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшүнө алып барат. Анткени кандын составында кант көбөйүп кетсе, кан тамырларды жабыркатат. Бул инфарк, инсульт ооруларына алып келиши мүмкүн. Кийинкиси организмдеги кальцийдин жуулушуна себепкер болот. Мындан тышкары организмде майдын топтолушуна түздөн түз таасирин тийгизет. Акыркысы кант диабети менен ооруп калышына өбөлгө түзөт", - деди Стамкулова.

29.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан