Эртең, 30-апрелде Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр тармактар" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Кара-Суу районунун Медресе, Шералы, Кара-Дөбө, Бөрүлүк, Садырбай, Тойчу, Жаңы-Турмуш, Кайрагач, Баш-Булак, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кызыл-Мээнет, Зарипдар, Гайрат, Бекжар, Лянгар, Карван-Кол, Топ-Терек, Кичик, Лаглан, Тээке, Алгабас, Талдык, Каратай айылдарында. Кара-Суу шаарынын РТС, Токтогул, Алайский, Навои көчөлөрүндө. Арашан кичи районунда. Ош шаарынын 222 кварталында. "КАДАСТР" мамлекеттик ишканасында.
Ош шаарынын Низами, Ашхабад, Алиев, Молдо Нияз, Курманжан датка, Пахта-Абад, Темирязев, Киров, Ленинабад, Курчатов, Степная, Мирная, Тоголок Молдо, Полевая, Никитин, Суриков, Кольцова, Макаренко, Некрасов, Кулатов 4, 5,17, Арек, Орке, Татар, Тээке, Кеңеш, Каримов, Аскер бөлүгү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр тармактар" ишканасы кечирим сурайт.