Жалал-Абадда пиротехникалык каражаттар боюнча рейд жүрдү
Кечээ, 20-декабрда Жалал-Абад шаарындагы
базарларда атайын түзүлгөн комиссия пиротехникалык каражаттар боюнча
рейдге чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Рейддин
жүрүшүндө ШИИБинин комиссиянын курамына киргизилген кызматкерлери
тарабынан базар ичинде пиротехникаларды мыйзамсыз түрдө сатып жаткандарга эскертүү берилип, товарларын
жыйнап алышты. Шаардык өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн башчысынын
орун басары Кубанычбек Токтосунов: "Адамдар пиротехникалык
заттарды колдонуу ыкмасын толук билишпегендиктен, аны колдонуп жатып
үй-жай, короолоруна өрт жаадырып алган учурлары көп эле катталат. Ушул
сыяктуу иш-аракеттерин алдын алуу максатында биздин топ комиссиянын
курамына кошулуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат",- деп билдирди. Аталган рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, өрт коопсуздук кызматы, ошондой эле
шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинен түзүлгөн
курам чыгышты. Жалал-Абад шаарынын мэриясы тараптан ушул жылдын
2-декабрындагы "Жаңы жыл алдында шаардагы түрдүү фирмалар тарабынан
алынып келинип жаткан пиротехникалардын (петарда, фейерверк, салют
сыяктуу жарылуучу заттар) мыйзамдуу алынып келишине, кампаларда, соода түйүндөрүндө сакталышына сапатын жана уруксат
берилгенин текшерүү документтерин кароо" боюнча атайын буйрук чыккан.