Ысык-Ата районунун салыкчылары мамлекетке 5 миллион сом чыгым алып келген

Ысык-Ата районунун салыкчылары мамлекетке 5 миллион сом чыгым алып келген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктан түшкөн каражат Кант шаарынын мэриясына которулушу керек болчу. Бирок чогултулган салыктан 5 миллион 61 944 сом Кант шаарынын салык чогултуу кызматынын кызматкери менен Ысык-Ата райондук салык кызматынын инспекторунун жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан