"Мен чарчадым". Атактуу мушкер уулунан ажырады

Оор салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Фрэнсис Нганну үй-бүлөлүк трагедияга кабылды. Тагыраагы, мушкер бир жарым жаштагы уулу каза болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ушунчалык күрөшкөнүбүз бизге эң көп зыян келтирип жатса, жашоонун эмне кереги бар? Эмне үчүн жашоо мынчалык адилетсиз? Эмне үчүн жашоо бизде жок нерсени тартып алат? Мен мындан абдан чарчадым", - деп жазды Нганну.

Оор салмактагы мушкердин уулу эмне себептен каза болгону так айтылган жок.

2015-жылдан 2022-жылга чейин Нганну UFC'ге катышып, оор салмактагы чемпиондук курун жеңип алган. Андан кийин ал бокско өткөн. Нганну өзүнүн бокстук карьерасын Тайсон Фьюри жана Энтони Жошуа менен рингге чыгып баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан