Бишкекте коомдук транспортто жеңилдетилген карталарды мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталды

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” жана “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери борбор калаадагы троллейбустарга жана автобустарга рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында жекелештирилген карталарын (кызыл) жана мектеп карталарын (жашыл) мыйзамсыз колдонуу фактылары аныкталган.

Ага ылайык, жеңилдетилген карталар жарандардын айрым категорияларына берилет жана аларды башка адамдар колдонуусу мыйзамдарды бузуу болуп саналат.

Кызыл карталар:

- Бишкекте каттоодо турган жаш курагы боюнча пенсионерлер;

- мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

- "Кыргызпочтасы" ААКсынын почточулары иш учурунда.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жыйынтыгында алынган карталар Тулпар көзөмөл кызматына колдонуучулардын кара тизмесине киргизүү үчүн берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан