Премьер аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартибин бекитти
Кыргыз Республикасынын
аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга
берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу 20-декабрда өкмөттүн аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10
жана 17-беренелерине, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" мыйзамына ылайык, аңчылык чарбасын жүргүзүүнүн
натыйжалуулугун арттыруу, аңчылык жерлерин берүү тартибин өркүндөтүү,
бул чөйрөдө кызыкдар тараптардын укуктук мамилелерин жөнгө салуу
каралган. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.