Коңшу Казакстандын Айыртау районундагы Имантау айылында бир туугандар асынып алышты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 29-апрель күнү 22 жаштагы кыз өз үйүндөгү сарайда асынган абалда табылган. Эжесинин каза болгонун уккан 17 жаштагы иниси токойго чуркап кеткен. Кийинчерээк ал дагы токойдо асынган абалда табылган.
Каза болгон 22 жаштагы кыздын артында 1 жарым жаштагы уулу калды. Бир туугандар чоң ата, чоң энеси менен жашашчу. Өздөрүнүн атасы каза болуп, апасы кетип калган.
Бул факты боюнча "өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.