Бишкекте иретсиз илинген жарнамаларга карата рейддер уланууда

Бишкек шаарынын мэриясы тышкы жарнаманы жөнгө салуу боюнча рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү иши Медеров көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүн бойлой Матросов көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Натыйжада 28 жарнама конструкциясы алынды.

Буга чейин шаардык кызматтардын курамындагы комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

"Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоону иретке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бул багыттагы иштер дагы да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан