ЖКККББ: Майрам күндөрү жол кире акысынын көтөрүлүшүнө жол берилбейт

Майрам күндөрү такси кызматтарына жол кире акыларын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Билдиргендей, Кайгуул кызматынын кызматкерлери автобекеттерге барып, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Айрым айдоочулар майрам күндөрү жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн. Ошондуктан ЖКККББнын кызматкерлери айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта жүргүнчүлөр көп болуп, маршруттук унаалар жетишпесе ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилери айтылат.
01.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан