Кытайда автомагистраль кулаган кырсык катталды. Каза болгондор бар (видео)

Бүгүн, 1-майга караган түнү Кытайдын Гуандун провинциясында автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, окуя Мэйчжоу шаарында орун алып, 18 унаа урандылардын астында калган.

Кырсыктан 19 адам каза болсо, 30у жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

Жалпысынан аянты 200 чарчы метрге чамалаган, узундугу 17,9 метр болгон жолдун бөлүгү көчүп кеткен. Азыркы тапта жолду таштандылардан тазалоо жана кырсыктын себептерин иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Кытайда автомагистраль кулаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан