Кыргызстанда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөйт. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Белгилүү болгондой, мындай чечим коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен кабыл алынган.
"Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жатат.
Коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрбөө чечимин кабыл алды", - деп билдиришти министрликтен.
Ички иштер министрлиги жарандарды коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.